Мирлан Камчыбеков Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды
- 12 месяцев мурун
Мирлан Камчыбеков Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.
Буга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жумадилла Жапаров өз арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Сүрөттө: Мирлан Камчыбеков. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




