Министрлик: кыргыз тарап орусиялык атомчулардын долбоорлоруна кызыгуусу бар экенин гана айткан

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен түзүлгөн атомдук станция куруудагы кызматташтык тууралуу меморандум боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, аталган меморандум Дубайда өтүп жаткан «Экспо-2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында 20-январь күнү кабыл алынган.

«Орусиялык корпорация менен Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуунун бир багыты катары биздин өлкөдө төмөн кубаттуулуктагы атомдук станция куруудагы мүмкүнчүлүгү талкууланган. Баса белгилеп кете турчу нерсе, азырынча кыргыз тарап орусиялык атомчулардын долбоорлоруна кызыгуусу бар экенин гана айткан», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары түшүндүрмөдө Кыргызстандын аймагында АЭС куруу чечимин кабыл алуу үчүн узак процессти басып өтүү керектиги айтылат.

«Бул процесс учурунда көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлүп, эң биринчиден экологиялык коопсуздукка көңүл бурулат. Андан тышкары техникалык-экономикалык негиздеме болушу шарт. Эң негизгиси — маселе коомдук талкууга коюлуп, бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүшү кажет».

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ортосунда Кыргызстандын аймагында төмөн кубаттуулуктагы атомдук станция куруудагы кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынганы тууралуу маалымат тараган. Анда тараптар РИТМ-200Н реактордук орнотмосунун базасында атомдук электр станциясын (АЭС) курууга кызыкдар экени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты