Кыргызстанда кубаттуулугу аз атомдук станция куруу пландалууда

  • 2 года мурун

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги кубаттуулугу аз атомдук электр станцияларды куруу боюнча кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу аталган корпорациянын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-январда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан «Экспо-2020» дүйнөлүк көргөзмөсүндө Орусияда өндүрүлгөн кубаттуулугу аз атомдук технологиялардын презентациясы өткөн. Иш-чаранын жүрүшүндө «Росатом» менен Кыргызстандын Энергетика министрлиги кубаттуулугу аз атомдук электр станцияларын куруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

«Тараптар Кыргызстандын аймагында РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында кубаттуулугу аз атомдук станциясын куруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Мындан тышкары документте Кыргызстандын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануунун түрдүү багыттары боюнча илимий-техникалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү каралган», — деп айтылат маалыматта.

«Росатом» ишканасынын башкы директору Алексей Лихачев кубаттуулугу аз атомдук станцияларды куруу долбоору корпорациянын негизги приоритеттеринин бири экенин белгилеп, аталган долбоор келечекте көптөгөн өлкөлөрдүн энергетикалык тең салмактуулугун өзгөртөрүн жана жабык энергетикалык системалары бар алыскы аймактарды өнүктүрүүгө салым кошорун билдирген.

«Кыргызстанда мындай станциянын курулушу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүсүнө гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө да таасирин тийгизет», — деген Лихачев.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев декарбонизациялоо жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү дүйнөлүк тенденция экенин белгилеп, Кыргызстан андан четте калгысы келбей турганын билдирген.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен мындан аркы кызматташуу өлкөдөгү энергетика, экономика жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүү үчүн жаңы горизонтторду ачат деп ишенебиз», — деп билдирген Айталиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты