Министрлердин чет өлкөлүк сапарлары сынга алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-февралда, президенттик администрациянын коллегиясында министрликтердин, жетекчилердин жана мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарлары сынга алынды.

Бул тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмоновдун баяндамасында айтылды.

Айрым министрлик өкүлдөрү алардын милдеттерине кирбеген сапарларга барууга ниеттенген. Мисалы, жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкуловага Астанада өткөн эл аралык аялдар конгрессине катышуусунан баш тартылды, анткени ал министрликтин милдеттерине тиешеси жок. Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Усенкановго иш-чаранын программасы борбордун максаттарына дал келбегендигине байланыштуу иш сапарга чыгуусуна макулдук берилген жок.

Айыл чарба министринин орун басары суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеев мыйзам талаптарын бузуп, тиешелүү уруксаты жок коңшу Казакстанга иш сапары менен барган.

Өзгөчө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылды.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2024-жылы жалпысынан 32 жумушчу күндүн ичинде 10 эл аралык сапарга чыккан. Тактап айтканда, Австрияга 8 күндүк иш сапары болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча эч кандай конкреттүү жыйынтык болгон эмес. “Келечек үчүн билим берүүгө” 200 миллион долларды тартуу маселеси дагы деле талкууда. Министрдин 2024-жылдын май айында Улуу Британия барып келүүсүндөгү 400 миң доллар окуу китептерине жана министрликке кошумча каржылоо тартуу максатты ишке ашкан эмес» деп баса белгиледи Азамат Осмонов.

Ал жогоруда айтылган жагдайларга байланыштуу президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүп, ар бир чет элдик сапардан максималдуу пайда алуу керек деп сөзүн жыйынтыктады.

«2024-жылдын аягына карата 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери каралып жатат, анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда» деп билдирди Азамат Осмонов.

Сүрөт: Жыйын учурунда. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты