Министрлер кабинети салык салуу боюнча бир катар токтомдоруна өзгөртүү киргизди

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому кабыл алынды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматта, атамекендик өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды колдоо максатында, төмөнкү токтомдорго өзгөртүүлөр киргизилгени белгиленди:

— Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131  Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтомуна

— 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 “Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө” токтомуна;

— 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 “Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна;

— 022-жылдын 25-ноябрындагы № 660 “2022–2026-жылдарга газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө токтомуна;

— 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 базарлардын жана кичи базарлардын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Маалыматта айтылгандай, бул өзгөртүүлөр айыл чарба продукциялар өндүрүүчүлөргө, жүргүнчү ташуу кызматын аркалагандарга, базарда иштегендерге, тейлөө кызматырына жана радио электрондук буюм тайымдарды сатуучуларга тийиштүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты