Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо жөнүндө жобону бекитти

  • 11 месяцев мурун

Министрлер Кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.  

Андай айтылгандай, токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары, ал эми “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды. 

Токтом президенттин мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты