Министрлер кабинети медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдү аныктады

  • 2 месяца мурун

Президенттин саламаттык сактоо кызматкерлеринин жана социалдык станционардык мекемелердин кызматкерлерине айлык акы төлөө шарттары тууралуу жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрлер кабинети медицина кызматкерлерине компенсациялк төлөмдөрдү аныктады.

Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, 20 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр кичи шаар жана айыл жергесинде бир ставкадан ашпай эмгектенген, көп суроо-талаптарга ээ врач-адистерге, педиатрлар, неанатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдорго төлөнөт.   

Ошондой эле 20 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр Бишкек жана Ош шаарларынын “Тез жардам” врачтарына өзгөчө шартта иштегендиги үчүн төлөнүп берилет. Келишимге ылайык, алар үчүн да бир ставкадан ашык иштебегендер үчүн төлөнөт.   

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Мамлекет башчы белгилегендей, жарлыкка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тартып, дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылары белгиленген.

2024-жылдын 1-июлунан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 млн. сомду түзөт. Жылдык керектөөсү 761,8 млн сомду түзөт.

Иллюстрациялык сүрөт: med.kg
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты