Министрлер кабинети “Керемет банктын” акцияларын сатып алат. Мыйзам долбоору кабыл алынды  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 14-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин Улуттук банктан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи — Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Таалайбек Масабиров маалымат берди. Долбоордо Министрлер кабинети «Керемет Банк» ААКнын Улуттук банкка таандык 7 126 432 000 сом өлчөмүндөгү («Керемет банктын» 100% таза капиталынын 97.45%) акциясын сатып алуусу сунушталды. 

Министрлер кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча бүтүм фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана «Керемет Банк» ААКсында баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылмакчы.

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан «Керемет Банк» ААКсынын акцияларынын пакети Министрлер кабинетине өтүшү менен ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин «Керемет Банк» ААКтын акциясын сатып алууда каражат булактарын тактап, социалдык маселелерди чечүүгө каражат жок экенин баса белгиледи.

«Социалдык курч маселелерге, көйгөйлөргө Финансы министрлиги дайыма «казынада акча жок» деп жооп берет. 1 млн, 10 млн, 20 млн сом казынада жок болсо, 7 млрд сом кайдан табылды? Элдин эсебинен кимдир бирөөлөрдүн акча жегенин жапканды токтотсок» деген эл өкүлү кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

«Керемет Банк» — өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон «Азия Универсал Банктын» активдеринин негизинде «Залкар Банк» түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы «Росинбанк» деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы «Росинбанктын» акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, «Керемет Банк» деген аталыш ыйгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты