Министрлер кабинети электр энергияны үнөмдөөгө чакырды

  • 9 месяцев мурун

2025-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө кеңешмеде айтылды.  

Электр энергияны керектөөсү өсүп жаткандыктан, ага кошумча жай айы кургакчыл болгондуктан, 2025-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз. 

Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулду, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөт.

Бирок ошентсе да, Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.  Ал бардык министрликтерди жана башка мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Кеңешмеде Министрлер кабинетинин төрагасы калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Өзгөчө калк үчүн көмүрдүн баасын ыксыз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча Монополияга каршы кызматына тапшырылды.

Сүрөттө: Токтогул ГЭСи. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты