Министр: “Окуу жайлардагы жылытуу системалары шашылыш жаңыланыш керек!”

  • 12 месяцев мурун

Жаңы окуу жылына карата даярдыкты текшерүү максатында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкек шаарындагы бир катар чыгармачыл окуу жайларды кыдырып чыкты.

Министрдин иш сапарынын алкагында Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы жана С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын материалдык-техникалык абалы менен жеринде таанышуу болду. М.Мамбеталиев окуу бөлмөлөрүн, устаканаларды карап чыгып, жылытуу системаларынын эскилиги жетип, чукул түрдө оңдоону талап кыларын баса белгиледи.

«Күз келгенче бул маселени бүтүрүүбүз керек. Бул — сунуш эмес, бул талап! Студенттер жана окутуучулар жылуу жана коопсуз шартта билим алышы керек. Бул — жетекчилик үчүн түздөн-түз жоопкерчилик», — деп билдирди министр Мамбеталиев.

Министр тиешелүү башкармалыктарга жана окуу жайлардын жетекчилерине суук түшкөнгө чейин жылытуу системаларын толугу менен жаңылоо иштерин баштоо боюнча тапшырма берди. Аталган иштер министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты