Министр Кулубаев Ватикандын байланыш катчысы Пол Ричард Галлахер менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 29-майда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ыйык тактынын (Ватикан) мамлекеттер менен байланыштар боюнча катчысы, архиепископ Пол Ричард Галлахер менен жолугушту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда министр Жээнбек Кулубаев архиепископ Пол Ричард Галлахерге Кыргызстандагы учурдагы саясий жана экономикалык абал тууралуу маалымат берип, өлкөдө экономикалык чөйрөнү жакшыртуу, чет элдик инвестиция тартуу жана ишкерликти колдоо аракеттерин айтып берди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Ватикандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сапарларды уюштуруу боюнча маанилүү маселелер көтөрүлдү.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты