Министр Кулубаев орусиялыктарга жарандык берүүнү жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен түшүндүрдү

  • 8 месяцев мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Немис толкуну» медиа компаниясына (DW) курган маегинде Бишкек Орусиядан келген саясий эмигранттарды, согушка каршы чыккан активисттерди Москвага өткөрүп бербегенин, кылмыш кылгандарды макулдашуулардын негизинде экстрадиция кылганын айтты.

Быйыл июнда Бишкекте орусиялык эки активист Алена Крылова жана Лев Скорякин кармалган. Экөө тең башпаанек сурап Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий кат тапшырган.

Башкы дипломат орусиялыктарга кыргыз жарандыгын берүү маселесине байланышкан суроого жооп берип, алар бизнес ачканын, орус болгону үчүн гана жарандык бербөө туура эместигин, өлкө жумушчу күчүнө муктаж болуп турганын жүйө келтирип, “Келгиле, биздин өлкөнүн жараны болгула!” деп чакырды.

Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган орусиялыктар көбөйгөн. Президент Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу жөнүндө 2022-жылы чыгарган жарлыктарынын негизинде Орусиянын ондогон таанымал аткаминерлери менен ири ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алган.  

Кыргызстан акыркы айларда жарандык алгандардын тизмесин ачык көрсөтпөй калды. Буга президент Жапаровдун администрациясы түшүндүрмө бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты