Министр: быйыл тышкы карызды төлөөгө кошумча алты миллиард сом каралууда

  • 2 года мурун

Доллардын курсу туруктуу болбой жаткандыктан быйыл Кыргызстанда тышкы карызды төлөөгө кошумча алты миллиард сом каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өкмөт үйүндө өткөн брифингде каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл тышкы карызды төлөөгө бюджеттен 26,6 миллиард сом каралган. Бул сумма доллар сомго карата 88,4 сом деген курс менен эсептелген.

“Бирок бизге келе турган жардам да бар. Сырттан. Тобокелчиликти азайтуучу, бюджетке оорчулук алып келбей турган механизмдер иштелип чыккан. Ошондуктан тышкы карыз өз убагында, тийиштүү көлөмдө толук төлөнөт”, — деди Бакетаев.

Министр билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 миллиард доллар.

24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Кыргызстанда доллардын курсу 20 сомго кымбаттап, 105 сомго жетип кеткен. Андан кийин кайра арзандап, 24-мартка карата доллардын курсу 92 сомдой болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты