Миллион долларлык сүрөттөр Ташкенттен жашыруун Орусияга ташылган

2023-2024-жылдары өзбекстандык «Бек Брокер» логистикалык компаниясы Орусияга 200дөн ашык, баасы миллиондогон долларлык коллекцияларды, анын ичинен Сальвадор Далинин, Анри Матисстин сүрөттөрүн, Рембрандт Бугатти жана Фернандо Ботеронун айкелдерин жашыруун ташууга жардам берген.

Москвага ташылган коллекциялардын жалпы баасы 36 миллион доллардан ашат, ал эми «Бек Брокердин» кардарларынын арасында орус миллиардерлери, курал-жарак чыгарган Мкртич Окроян жана Украинанын оккупацияланган Мариуполь шаарын кайра курууга катышкан Алексей Репиктин аты аталат.

Батыштын «кара тизмесине» илинген орус олигархтары дүйнөлүк көркөм мураска кирген эмгектерди Орусияга кандай жолдор менен ташып келген?

2023-жылдын башында кымбат баалуу искусство предметтерин ташуу жана сактоо боюнча адистешкен голландиялык компания Флиссинген портуна келип токтогон яхтадан сүрөттөр менен айкелдерди түшүргөн. Ал сүрөттөрдүн арасында Сальвадор Далинин, Пьер Огюст Ренуардын жана Анри Матисстин эмгектери болгон.

Triple Seven деп аталган 68 метрлик яхта орусиялык фармацевтика магнаты Алексей Репик менен байланышы бар оффшордук компаниянын карамагында турган. Ал компания ошондой эле орус армиясы басып алган Украинанын Мариуполь шаарында кыймылсыз мүлк менен алектенген.

Сүрөттөр адегенде Амстердамдын аэропортуна, андан соң Өзбекстандын борбору Ташкентке, үч күндөн кийин мурда-кийин анчейин белгисиз «Бек Брокер» деген логистикалык компаниянын жардамы менен Москвада жашаган Алексей Репикке жөнөтүлгөн.

Москва 2022-жылы февраль айында Украинага согуш ачкандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Мындан улам орус коллекционерлери дүйнөлүк базарларда соода-сатык кылуудан кол жууган. Ортомчулар Москвадан чыгып кетип, Christie’s жана Sotheby’s сыяктуу ири аукциондор Орусиядагы кирешелүү кеңселерин жапкан.

«Радио Свободанын» журналисттик иликтөө жүргүзгөн «Система» долбоорунун жаңы маалыматтарына ылайык, акыркы эки жылда Орусияга искусствонун көркөм мурасына кирген 200дөн ашуун эмгекти алып келүүгө «Бек Брокер» сыяктуу логистикалык компаниялар жардам берген. Журналисттер Орусияга көмүскө жол менен импорттолгон көркөм предметтердин жалпы баасы 36 миллион доллардан ашканын аныкташкан.

Иликтөөнү толугу менен бул жерден окуңуз.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты