Мэр Айбек Джунушалиев кичи аренанын курулушу менен таанышты
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп жаткан кичи аренанын курулуш иштери менен таанышып, обьектини текшерип чыкты. Бул арена 5000ден ашык көрүүчүгө ылайыкташып, жертөлөсү бар кичи арена болот. Ал белгилүү Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында жайгашкан.
«Бул — шаар тургундары көптөн күткөн жана жогорку талап коюлган спорттук жайлардын бири. Ошондуктан бардык иштер сапаттуу жана коопсуздук талаптарына ылайык аткарылышы керек», — деди шаар башчысы текшерүү учурунда.
Объекттин жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштерин «Евразия Строй Сервис» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр «Бишкекбашкыархитектура» мекемесине стадион аймагын көрктөндүрүү иштерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Муну бөлүшүү




