Мектептерде мина коюлгандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-апрелде, бир катар мектептерге мина коюлгандыгы тууралуу маалыматтан улам, окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланууда. Бишкек Oxford international school, №4, №33 жана №67 мектептерге мина коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, ал жактагылар эвакуацияланып, өрт өчүрүү, “Тез жардам” машиналары алынып келинген.

Бул тууралуу маалыматтарды социалдык тармактарда мектеп-окуучуларынын ата-энелери билдирүүдө.

Мындан тышкары №№17, 32, 51, 52, 62, 63, 64, «Сейтек СТЕМ», QSI International School of Bishkek мектептерине да мина коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ, 19-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында УКМК өкүлү Айбек Шаменов мектептерге мина коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат бергендер кармала электигин, алар социалдык түйүндөрдүн чет өлкөлүк аккаунттарынан, Россия, Украинадан маалымат жиберип жатканын билдиришкен.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты