Мектеп окуучуларына баңгизаттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

  • 8 месяцев мурун

Кечээ, 26-сентябрда Токмок шаарында мектеп окуучулары үчүн баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ИИББга караштуу Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан уюштурулган.

Милиция кызматкерлери окуучуларга баңгизаттардын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери, синтетикалык каражаттар жана прекурсорлор тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле жаш муундар арасында баңгизаттардын таралышы кандай кооптуу экени баса белгиленип, окуялар болгондо дароо укук коргоо органдарына билдирүү зарылдыгы айтылды.

Иш-чаранын максаты — өспүрүмдөрдү маалыматтуу кылуу аркылуу баңгизаттардан алыс болууга үндөө жана алардын алдын алуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты