«Мектеп лигасы» программасынын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдө эс алат

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.

Алгач 100 бала эс алууга чыгышты. Бардыгы болуп 430 бала баш байгеге жолдомо алышты.

Шаардык «Мектеп лигасы» программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештин райондук жана шаардык баскычтары өткөрүлөт.

2022-жылдын 6-октябрынан 25-декабрына чейин мектептердин спорт аянтчаларында балдар жана кыздар арасында мелдештин райондук этаптары өткөрүлдү

Сынактын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында өтүүчү «Мектеп лигасынын» экинчи этабына катышуу укугуна ээ болуп, өз районунун жана жалпы мектептин атынан катышууга укук алышты.

16-февралдан 13-майга чейин Бишкек шаарынын спорттук жайларында жалпысынан 1984 катышуучуну камтыган спорттун 11 түрү боюнча Бишкек шаарынын мектеп лигасынын экинчи финалдык этабы болуп өттү.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты