«Мегаком» сатылганы маалымдалды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 11-октябрда, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун- Мегакомдун 100 пайыз акциясын сатуу боюнча электрондук аукцион өттү деп табылды.  

Бул тууралуу мамлекеттик мүлк фонду маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, тендерге эки компания катышты. «Мамлекеттик ипотекалык компания» жана «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы»ачык акционердик коомдору.   

«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» 14 800 000 000 (он төрт миллиард сегиз жүз миллион сом ) сом  сунуштап, жеңүүчү деп табылды.

«Мегакомдун» баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сом болгон.

“Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун – “Мегакомдун” 100% акциясын сатуу боюнча электрондук аукцион 2-октябрга белгиленгени тууралуу 4-июлда маалымат берилген. Бирок ага катышуу ниетин билдирген кардар чыкпагандыктан, электрондук аукцион жылдырылды, ал 11-октябрда өтө тургандыгы маалымдалган.

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү сатуу” тууралуу мыйзамга ылайык, “Альфа-телеком” жабык акционердик коомунун 100% акциясын сатуу боюнча ведомстволор аралык комиссия электрондук аукционду 11-октябрга жылдыруу чечимин кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты