Mayram Group ресторандар түйүндөрү мөөр басылып бекитилгени маалымдалды

  • 6 дней мурун

Бишкекте Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин легалдаштыруу иштери боюнча козголгон кылмыш иштердин алкагында 11 мекемени камтыган Mayram Group ресторандар түйүндөрү мөөр басылып жабылганын күч кызматкерлерине шилтеме берип  Kaktus.media кабарлады.

Кылмыш иштин алкагында мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновго издөө жарыялагандыгы айтылды.

Буга чейин жыл башында, январь айында экс-премьер министр Данияр Үсөновдун уулуна издөө жарыяланганын УКМК басма сөз кызматы билдирген. 2018-жылдан баштап уюшкан кылмыштуу топ өкүлдөрү менен бизнес жүргүзүп келгендиги да айтылган.  Тагыраак айтканда Чолпон-Ата шаарында “Каганат” пансионатынын жана White түнкү клубунун айланасында жайгашкан Flamingo Bay ресторанына ээлик кылган. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин соода-оюн-зоок комплексинде элиталык түнкү клуб ачмакчы болуп жаткан, ага акча каражаттары салынган болуп чыкты.

Мындан тышкары М.У.Д.  Бишкек шаарында  «Асман», Social Coffe, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubble, My shisha, Aroma, “Тесто Место” жайларына ээлик кылган, түшкөн каражаттардын бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жиберилип турган. Андан тышкары Дубайда  ресторан түйүндөрү бар,  SAYA Brasserie, MURA, Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa жана Milky Jar, Пальм Джумейра (БАЭ), Алматыда Soccial Group Almaty — Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee жана Mongol bar ресторандарынын ээси.           

2024-жылы январь айында УКМК Мурат Үсөнов ресторандар түйүндөрүн, анын ичинде «Асман», Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, My shisha, Aroma, Social Pizza, Season и «Тесто Место» жана башкаларды тейлеген компаниянын башкаруучусу экенин жазган. Тергөөнүн версиясы боюнча мындан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшалгандыгы белгиленди.  Алардан түшкөн каражаттарды жашыруу үчүн мүлктөрдү башка адамдарга каттатканы белгиленген. 

Бүгүнкү күндө бир катар ресторандар түйүндөрүнүн бир катары иштебей тургандыгы да маалымдалды.

Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барган.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөттө: Ресторандар түйүндөрүнүн бири. УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөттөн

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты