“Манас” улуттук академиясынын президенти болуп Назира Аалы кызы дайындалды
- 1 неделя мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимине ылайык, Назира Аалы кызы «Манас» улуттук академиянын президенти болуп дайындалды.
Жаңы президентти жамаатка президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев тааныштырды.
Жыйындын жүрүшүндө Назира Аалы кызынын коомдук руханий агартуучулук тармагындагы тажрыйбасы белгиленип, жаңы жетекчиге ишеним артылары айтылды.
Назира Аалы кызы 1976-жылы 4-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 1994-1999-жылдары Бишкек гуманитардык университетин окуп бүтүргөн. 2009-жылдан бери Кыргыз телерадио корпорациясынын «Ибарат» маданий борборунун башкы редактору-продюсери кызматында иштеген.
Сүрөт: «Манас» академиясы
Муну бөлүшүү




