Манас шаарында 40 жаштагы аял өз үйүндө асынып каза болгон
- 4 недели мурун
Манас шаарында 40 жаштагы аял өз үйүндө асынып каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
10-январда Манас шаардык ички иштер башкармалыгына (ИИБ) нөөмөт бөлүмүнө тез жардам бөлүмүнө 1985-жылы туулган И.В. аттуу тургуну өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабарлашкан.
Аталган факты боюнча Манас шаардык ИИБ тергөө кызматы тарабынан, маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө чейинки териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Манас ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркумдун өлүмдүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 28 жаштагы келинди өлтүрүүгө күйөөсү hшектелүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




