Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри алмашты
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алтынбек Максүтов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Ал эми аталган министрдин милдетин аткаруучу болуп Мирбек Мамбеталиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Каракол шаарында (мурдагы Пржевальск) туулган. Ал 2020-жылдан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматында иштеп келе жаткан.
Эске салсак, Алтынбек Максүтов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп 2022-жылы 3-октябрда дайындалган.