Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлду

  • 2 месяца мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлду.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев 27-мартта кол койгондугу тууралуу токтом «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору мындан жети ай мурун, 2024-жылдын август айында түзүлгөн. Анын директору болуп Бактыгүл Иманбек кызы дайындалган. Аталган борбор фейк маалыматтар менен күрөшмөк.

Маалыматтык чөйрөнү иликтөө борборунун жабылуу себеби айтылган эмес.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты