Өлкөдө белгисиз кишилер педофилияга шектелгендерди сотсуз жазалоону уюштурушууда

  • 7 месяцев мурун

Телеграм каналда да «педофилдерди жазалайбыз» деген топ түзүлүп, бирөөлөрдү ур-токмокко алып, опузалаган видеолору тарады. Интернеттеги кооптуу топтун мыйзамсыз жоругу кыргыз коомунда кызуу талкууланып жатат. Өзүнө жазалоочунун ролун ыйгарып алгандар боюнча милиция териштирүү баштаганын билдирди.

Быйыл 20-майда Телеграмда пайда болгон каналдын негиздөөчүлөрү жашы жете элек кыздардын сүрөттөрүн колдонуп, социалдык тармактарда фейк-аккаунттар аркылуу эркектер менен кат алышат. Эгер кимдир бирөө кайырмакка илинсе, аны жолугууга чакырып, өз алдынча жазалоого өтөт.

Телеграмдагы маалыматка караганда, «жазалоо-тарбиялоо» иштерине 16дан 19 жашка чейинки жигиттер тартылып, спорттун кайсы бир түрү менен машыккандарга артыкчылык берилет.

19-июнда жарыяланган видеодо өздөрүн «педофилдерди жазалоо» тобу деп атагандар жолугууга келгендерди сабап, опузалап жатканы көрүнөт. Алар мындай мыйзамсыз жоругун «кыздардын укугун коргоп жатканы» менен түшүндүрөт. Видеодо белгисиз бирөө эмне болуп жатканын айтып жатат:

«Биздин максатыбыз — педофилияны жок кылуу. Биз бардык жерде адилеттикти жана коопсуздукту жактайбыз. Педофилия менен күрөшүүдө улут роль ойнобойт. Биздин максат – тек-жайына карабастан бардык жарандар үчүн коопсуз коом түзүү. Биз милиция кызматкерлеринин педофилия менен кандай күрөшкөнүн көрүп атабыз. Алар канчалаган шектүүлөрдү кармаганы менен, коё берип ийип жатышат, биз өзүбүз да кармап бергенбиз. Бирок педофилдерди тийиштүү деңгээлде жазага тартпайт. Себеби милиция акчасын алып, ишти жаап коюуга ашыгат».

Телеграм каналдын башкы бетинде «Таза мен! Таза Кыргызстан! Педофилдерге жол жок!» деп жазылган.

20-майдан бери каналга үч миңден ашуун киши катталып, бул кыймылдын демилгесин колдогондор бир кыйла көбөйгөн. «Педофилдерди жазалоо» каналынын негиздөөчүлөрү күн алыс видеолорду жарыялап турат.

12-июлда жарыяланган видеодо «топтун мүчөлөрүбүз» дегендер буттары тушалып, жылаңаяк жерде отурган эркектин башына «зелёнка» чачканы көрүнөт.

Дагы бир видеодо таяк жегендер фамилиясын, атын, туулган жылын жана кыздарга эмнеге мындай сунуш жазганын айтышат.

Алардын катарында аскерде кызмат өтөгөндөр, жашы жете элек мектеп окуучулары да бар. Алар Телеграм аркылуу «курмандыктарын» таап, суракка алган учурлардан видео тартып, таратышкан.

Телеграм канал улан-кыздарды аларга кайрылып, көйгөйү тууралуу ачык айтууга үндөйт.

Ички иштер министрлигинин басма көз кызматынын башчысы Тилек Оторов «Азаттыкка» мындай жоболоңдуу жоруктан кабардар экенин, азыр териштирүү башталганын билдирди:

«Социалдык тармактарда чыгып жаткан маалыматты ИИМ өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп берген. Азыр текшерүү иштери жүрүүдө. Аталган Телеграм каналдын аракеттерине байланыштуу жабыркаганын билдирип, милиция органдарына кайрылгандар катталган жок. Бирок эгер кайрылуулар болсо, мыйзам чегинде каралат».

Кыргызстанда буга чейин дагы жарандарды өз алдынча жазалаган учурлар болгон. Май айында Таласта уурулук кылды деп шектелген адамды кармап, мамыга таңып, өз алдынча жазалоо аракетин көргөндөр болгон.

Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекованын айтымында, 2022-жылы 600гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2023-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн. Турдубекова сексуалдык зомбулукка кабылган, ыдык көргөндөрдүн укугун коргоодо милиция чабалдык кыларын бир нече жолу айткан. Ал ошондой эле бир канча кесиптештери, жарандык активисттер менен Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн. Анда ал шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Укук коргоочу Ногойбаев март айынын этегинде берген маегинде өспүрүм кыздарды зордуктагандарды соттор актаган деп күнөөлөгөн.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты