Лейлек районунда балдар бакчасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула (мурда — Андарак) айылындагы баасы 3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

 “КР УКМК Сумбула айылында (мурда — Анар) курулган бала бакчанын 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыярдуу түрдө  Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалууда” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты