Легендарлуу Майк Тайсон 27 жашар Жейк Полго жеңилип калды
- 4 недели мурун
58 жаштагы оор салмактагы легендарлуу мушкер, мурдагы абсолюттук чемпион Майк Тайсон жылдын башкы мелдешинде 27 жаштагы мушкер Жейк Полго жеңилип калды. Мелдеш 8 раундга созулуп, калыстардын чечими менен жеңиш атаандашына ыйгарылды.
Майк Тайсон мелдештен кийин берген комментарийинде беттеш оор болгонун, 8 раунддун аягына чейин туруп бергенин жана атаандашынын жакшы мушкер экенин, публиканын урматтоосуна ээ экенин белгиледи.
Мелдеш 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү АКШнын Арлингтон шаарында өттү.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү