Кызыл-Кыя мэриясынын кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалды
- 11 месяцев мурун
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык кызмат башкармалыгынын директору С.И.М. жана анын кызматкери Т.И. коррупция фактысы боюнча камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган адамдар 2023–2024-жылдары ар кандай ишканалардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, тендерлерди формалдуу түрдө өткөрүп, жыйынтыгында өздөрүнө тиешелүү компанияларды жеңүүчү кылып көрсөтүшкөнү аныкталды.
Мындан улам, аткарылбаган курулуш жана долбоордук иштер үчүн мамлекеттик бюджеттен болжол менен 4 миллион сом каражат мыйзамсыз түрдө компаниялардын банк эсебине которулган.
Азыркы тапта УКМК тарабынан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
Муну бөлүшүү




