Кыздарды сабоого шектелген Жан Воинов камактан бошотулду
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы Жан Воиновду камактан бошотту. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, буга жабырлануучу Ж.Т.нын Воиновго доосу жок экенин билдирген кайрылуусу себеп болду. Ошентсе да, тергөө иштери уланууда, ал эми акыркы чечим Жазык-процессуалдык кодекске ылайык кабыл алынат.
Эскерте кетсек, 5-июлда Жан Воинов хулиганчылыкка шектелип СИЗО-1ге камалган. Бул ишке байланыштуу блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында өзү жана курбуларын сабоо фактысы болгонун билдирген. Окуяга Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана иниси катышкан деп айтылууда.
Муну бөлүшүү




