Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян расмий сапар менен келди

  • 9 месяцев мурун

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. 

МинКАб басма сөз кызматы кабарлагандай, “Манас” эл аралык аэропортунан Ли Цянды Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. 

Андан соң, өлкөгө расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цянды расмий тосуп алуу аземи болуп өттү

Белгилей кетсек, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын расмий сапарынын алкагында  Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөт, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Ли Цян 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты