Кытай өкмөтү Кыргызстанга 200 млн юань кайтарымсыз жардам берди

  • 1 месяц мурун

19-августта Пекин шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгындагы маселелерди талкуулашкан. Ошондой эле жолугушууда Бакыт Төрөбаев менен Луо Чжаохуэй Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Кытайдын өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Макулдашууга ылайык, Кытай өкмөтү кыргыз өкмөтүнө 200 миллион юань кайтарымсыз жардам берген.

«Гранттык негизде бериле турган каражат, эки мамлекеттин өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатын көздөйт»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты