Кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга келди

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 23-июлда бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мейманды «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды. 

Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты