Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда  чектөөлөр киргизилүүдө

  • 2 года мурун

Өлкө аймагында  коронавируска байланыштуу түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда чектөөлөр киргизилүүдө.

Бул тууралуу жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Мындан улам, юстиция министрлигинин жана  жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги жазык-аткаруу тутумунун бардык мекемелеринин иштөө тартиби боюнча  № 491 буйрук чыгарды.

Документке ылайык, тиешелүү жетекчилерге эпидемияга каршы бардык талаптарды аткаруу тапшырмалары коюлду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, буйрук темир тор артында отурган жарандарга жана алардын жакындарына да тиешелүү. Мисалы, тергөө изоляторуна киргизилген адамдар экспресс-тест же ПЧР анализи терс болсо гана кабыл алынат.

Соттолгондорду көрүүгө келген жакындарынан ден соолугунун абалы боюнча ошол эле медициналык документтер талап кылынат. Ал үчүн  биолабораториядан тиешелүү маалыматкатты күн мурунтан алуу шарт.

Мындан тышкары, пандемиялык кырдаалдын мурдагы курчушу учурундагыдай эле ден соолукту сактоо үчүн массалык маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн атайын мекемелерге баруусу чектелет.

Белгилей кетсек, абакта тез бузулуучу тамак-аш азыктарын кабыл алуу чектелип, термикалык жана дезинфекциялык кайра иштетүүдөн өтө турган гана азык-түүлүктөр кабыл алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты