Кыргызстандын олимпиадалык курамасына Эдмар Ласерда башкы машыктыруучу болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык, Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына бразилиялык Эдмар Ласерда башкы машыктыруучу болуп дайындалды

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Эдмар Ласерда ДUEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис. Ал кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык «Индепендиенте», «Паулиста» жана «Интернасьональ» клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, «Таврия» клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин ал  «Металлист», «Днепр» сыяктуу украиналык клубдарында карьерасын уланткан.

Украиналык жарандык алгандан кийин Ласерда 2011-2014 жылдар аралыгында Украинанын Улуттук курама командасы үчүн ойногон.

2019-жылы машыктыруучулук карьерасын баштаган Эдмар Ласерда 2023-жылга чейин «Металлист 1925» клубунда машыктыруучу болуп иштеп, 2024-жылы Казакстандын «Тобол» клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенген.

Машыктыруучу курама команданы ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарында дайындайт.

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдигинин төрагасы Камчыбек Ташиев Эдмар Ласерда менен. Кыргыз футбол биримдиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты