Кыргызстандын окуучулары эл аралык математика олимпиадасында алтын, үч күмүш медаль жана эки Мактоо грамотасына ээ болду
- 1 год мурун
Улуу Британияда өткөн эл аралык олимпиадада Кыргызстандын окуучулар командасы алтын жана үч күмүш медаль, эки Мактоо грамотасын алып, жыйынтыгында абсолюттук рейтингде 29-орунга ээ болду.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Улуу Британияда өткөн Олимпиадага 108 өлкөдөн 609 окуучу катышкан, алардын 81ин кыздар түздү. Кыргызстандын командасынын жетекчиси — Тимур Мамбетов.
Бул жылы катышуучулар үчүн максималдуу мүмкүн болгон упай саны — 42. Эң жогорку упайды быйыл да Кытайдан келген Haojia Shi аттуу кыз топтой алды. Ал 2023-жылдагы акыл таймашта да атаандаштарын артка калтырып, алтын медаль тагынган.
Сыйлангандар:
Кыргызбаев Назар — алтын медаль, №61 мектеп;
Ян Бобрус — күмүш медаль, “Газпром-Кыргызстан”;
Искандеров Эльдар — күмүш медаль, UWIS;
Кенжебаев Искен –күмүш медаль -22 балл, “Сапат” лицейи;
Эшперов Нурсултан-13 балла, Ардак грамота, “Газпром Кыргызстан”;
Мусакожоев Султан -11 балл, Ардак грамота №70 мектеп.

Эл аралык 65-олимпиадада 54 катышуучу алтын медаль, 121 катышуучу күмүш, 145 катышуучу коло медалы жана 170 катышуучу Мактоо грамоталары менен сыйланышты.
Кыргызстан курамасынын Олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Сүрөттөр: edu.gov.kg




