Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси алмашты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчисин кызматтан кетирип, анын ордуна жаңы элчи дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы кол койгон Жарлыкка ылайык Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси кызматынан бошотулду.
Ал эми Аман Салиев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Кошумчалай кетсек, Абдилатиф Жумабаев аталган кызматка 2019-жылы 26-декабрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү