Кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарында иштей алышат

  • 2 года мурун

Кыргызстандыктарга Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарында иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, документке Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдерин билдирди.

«Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар, эмгекти уюштуруу жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт. Министрлер кабинети эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттарды ачуу боюнча жигердүү иштерди улантат. Бул иш артыкчылыктуу саналат жана антикризистик чаралар жаатында маанилүү орунду ээлейт», — деди ал.

Макулдашууга ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келиши керек.

2019-жылдан тартып Улуу Британияда өкмөттүк программа ишке кирген. Анын алкагында Улуу Британиядагы айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүнөт. Ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары айыл-чарба иштерине тартылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты