Кыргызстандагы аутизми бар балдарга жардам

2-апрелде жыл сайын аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү бүткүл дүйнөдө белгиленет.

Кыргызстанда 2021-жылы Республикалык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы боюнча, аутизми бар балдардын саны 630га жакын. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын саны 34 миңди түзөт. Бул жалпы өлкөнүн балдарынын 1,1%ын түзөт, анткени КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 17 жашка чейинки 2 млн 400 миңден ашык бала жашайт.

Эгерде Кыргызстанда аутизмдин таралышы заманбап диагностикалык методдор менен өнүккөн өлкөлөргө окшош болсо же Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) баалоосу боюнча (балдардын жалпы санынын 1%ында аутизм бар), анда Кыргызстанда 20 миңден ашык бала аутизм спектринин бузулушуна (АСБ) чалдыккан.

Кыргызстанда 2018-жылы кабыл алынган аутизм боюнча клиникалык көрсөтмөлөргө ылайык, аутизмди дары-дармек менен дарылоого болбойт. Анын ордуна бала менен узак жана өтө түйшүктүү сессиялар керек. Аутизми бар балдардын ата-энелери көбүнчө учурда сыйкырдуу таблетка бар деп ойлоп, аны табууга аракет кылышат.

Бирок жүрүм-турумдун прикладдык анализи (ABA терапиясы) сыяктуу далилденген ыкмага негизделген билими жана көндүмдөрү бар адистерди издөө керек.

Кыргызстанда көп ата-энелер биринчи кезекте баласы менен иштешүү үчүн кайра окуудан өтүп, психологдун кесибин алышат. Кыргызстанда майып балдар, өзгөчө аутизми бар балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок, ошондуктан жалпы билим берүүчү мектепке кирүү кыйын.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектепке чейинки мекемелерге кабыл алынбайт. Балдардын майыптыгы жана балалык аутизм жөнүндө коомчулуктун маалыматынын өтө төмөн болушу бул балдарды четтетүү жана «үйрөтүүгө мүмкүн эмес» стереотибине алып келет.

«Биздин өлкөдө аутизм көйгөйү менен өз алдынча күрөшкөн жеке демилгелер жана активдүү ата-энелер бар экенине кубанычтабыз. Мисалы, 2017-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Ош шаарында аутизми бар балдарга арналган «АВА Mama+» эрте жардам берүү борбору ачылып, жабдуулар жана бардык керектүү материалдар менен жабдылган. Борборду бүгүнкү күнгө чейин уюмдун өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан Наргиза Абдупаттаева жетектейт» деп белгилейт «Смайл. КейДжи» коомдук фондунун директору Кузнецова Лариса.

Бүгүнкү күндө борбордо Кыргызстандын түштүгүнөн келген 200дөн ашык аутизми бар балдар каттоодо турат. Балдардын ата-энелери күн сайын психологиялык-педагогикалык консультация ала алышат. 10 бала үчүн ABA терапиясынын негизинде жеке программа иштелип чыккан, алар менен психологдор — ABA инструкторлору иштешет.

Аутизми бар балдарга сапаттуу квалификациялуу жардам көрсөтүү максатында борбордун бардык адистери тынымсыз окуп, квалификациясын

жогорулатып турушат. Атап айтканда, эл аралык сертификаттоо үчүн ABA терапиясын тереңдетип изилдөө, Санкт-Петербургда өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга эрте кам көрүүнүн негиздерин үйрөнүү жана «Аутизми бар балдарга эрте кийлигишүүнүн Денвер модели» тааныштыруу семинарына катышуу.

Ошондой эле Москвада америкалык адистердин катышуусу менен өткөн онлайн окутуу жана «Аутизм спектринин бузулушу» сертификатын алуу да кирет. Мунун баары сапаттуу иштөө үчүн маанилүү дейт, «Смайл. КейДжи» коомдук фондунун директору. Андан тышкары «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «АВА Mama+» борборунункызматкерлери Новосибирск шаарындагы «Мозаика» борборунун иши менентаанышты. Алар аутизм чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттерден алгачкы консультацияларын алышып, “ABA терапиясы боюнча тест жана жеке программаларды түзүү жана аутизми бар баланын өнүгүүсү” курсунда окушкан.

2021-жылы Республикалык медициналык-социалдык экспертиза (МСЭК) психикалык жактан жабыркаган балдарга чоң көңүл буруп, алар үчүн бир аз жеңилдиктерди жасаган. Тактап айтканда, буга чейин ата-энелер жыл сайын документ чогултуп, комиссиядан өтүп, баласынын аутизмге чалдыккандыгы тууралуу тастыктама алуугааргасыз болушкан. Бул майыптык статусун алуу жана жөлөкпул алуу үчүн зарыл. Эми диагнозду ырастоо үчүн аутизми бар балдарды ооруканага алып баруунун кажети жок.

Маалымат үчүн: Аутизм спектринин бузулушу (АСБ) бул ар кандай шарттардынбүтүндөй тобу. ДССУнун айтымында, аутизми бар адамдар башка адамдар менен баарлашууда жана өз ара аракеттенүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.

Бир иштен экинчисине өтүүдөгү кыйынчылыктар, деталдарга көңүл буруу, сезимдерге адаттан тыш реакциялар да мүнөздүү. Аутизм көбүнчө башка оорулар, анын ичинде эпилепсия, тынчсыздануу, гиперактивдүү бузулуу жана жүрүм-турум көйгөйлөрү менен бирге пайда болот.

Ийгилик мисалдары

2016-жылы 3 жаштагы баланын ата-энеси «АВА Mama+» аутизми бар балдарга эрте жардам көрсөтүү борборунан жардам сурады. Борбордун адиси Икрам Исраилов алгачкы консультация өткөрүп, M-chat тести (ата-энелерге, бала бакчалардын тарбиячыларына аутизм коркунучунун деңгээлин аныктоого үйрөтүү үчүн атайын иштелип чыккан тест) жүргүзүлдү. Натыйжалар чыгып, үч жашар У.Р. орточодеңгээлде аутизм бар экенин, ошондой эле психикалык жана сүйлөө өнүгүүсүнүн артта калгандыгын көрсөттү. Анын көз байланышуу жөндөмү болгон эмес жана атына

жооп берген эмес, өзүнө кам көрүү жөндөмү да жок болчу. ABA терапия ыкмасы боюнча жеке сабактар ​​2017-жылы башталган. 2018-жылы апасы “Үй-бүлө жана бала” программасы боюнча курстардан өтүп, ABA терапиясы боюнча жеке сабактардын билимин жана көндүмдөрүн алган. Үй-бүлө Ош шаарынан 25 чакырым алыста ​​жайгашкан Кара-Суу шаарында жашаганына карабай, сабактарды калтырбоого аракет кылып, күн сайын сабакка барышкан. Бул окуунун негизги шарттарынын бири.

Баланын апасы дайыма билимин жогорулатып, бардык мүмкүн болгон тренингдерге катышып, логопедиялык курстардан өтүп, массаж үчүн керектүү шаймандарды сатып алган.

2021-жылы баланын үй-бүлөсү Москвага көчүп барып, ал жактан Р.У. жалпы билим берүүчү дъйн\лъкмектептин 0-классына ийгиликтүү өттү. Ага карабай, ата-энеси дагы эле Оштогу борбордун адистери менен байланышып, онлайн консультацияларды алууну улантышууда. Икрам белгилегендей, бала бизге телефон чалып сүйлөшүүнү суранат.

5 жылдык АВА терапиясынын жүрүшүндө бала өзүн-өзү тейлөө, жалпылоо, кызматташуу, академиялык көндүмдөрдү жана топко катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларга ээ болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты