Кыргызстанда жер титирөө катталды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 3-августта түнкү саат 01:21де Кыргызстанда жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кырк-Казык айылынан 10 чакырым түндүк-батыш тарапта, жана Токтогул шаарчасынан 38 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Кырк-Казык айылында 3 баллга, ал эми Ак-Тектир, Чоң-Арык, Чолпон-Ата, Алмалуу жана Кушчу-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты