Кыргызстанда мектептерде 17 миллиондон ашык окуу китеби жетишпейт

  • 3 недели мурун

Расмий маалымат боюнча, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 129 аталыштагы окуу китеби, өзбек жана тажик тилдеринде болгон мектептерде 147 аталыштагы окуу китептери жетишпейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2012-2022-жылдар аралыгында окуучулардын саны 1 млн 12 миң 303төн 1 млн 447 миң 717ге чейин көбөйгөн. Ушундан улам мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн 236 миң 466 нускада окуу китеби керек.

  • кыргыз тилинде окуган класстар үчүн – 9 млн 625 миң 380 нуска;
  • орус тилинде окуган класстар үчүн – 6 млн 716 миң 400;
  • өзбек тилинде окуган класстар үчүн – 852 миң 748;
  • тажик тилинде окуган класстар үчүн – 41 миң 938 китеп жетишсиз.


Акыркы эки жылда жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган. 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, “Учкун” басмаканасынан басылып чыкты. Андан тышкары 2 млн 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен даярдалып, басылды.

Сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылдын 6-июнунда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынды. Бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Алар эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Электрондук версиялары да даярдалат.

Мамлекеттик мектептердин китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5% түзөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты