Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 4 недели мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-ноябрда саат 17:57де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Каратай, Кызыл-Ордо айылдарында 3,5 баллга, Ош шаарында 2,5 баллга (Кызыл-Ордо айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Каратай айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 2,5 чакырым чыгышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




