Кыргызстанда финансы секторунун уюмдарынын кирешеси өстү

  • 2 года мурун

Ушул жылдын январь-июнь айларында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйүү менен, 46,1 миллиард сомду түздү.

Ушул жылдын  биринчи  жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунда  Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы болуп, жалпы 594 уюм  ишин жүргүздү. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-июнь айларында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйүү менен, 46,1 миллиард сомду түздү.

Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 27,7 миллиард  сомду түзүп, 37%га өстү.

Ал эми ишканалардын 66%ы пайда алып, 13,5%ы  чыгашага туш болду. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 18,4 миллиард сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,8 эсеге (8,2 миллиард сом) көп.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 217 миллиарддан ашык сомду түзүп, банктык секторуна кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарынын секторуна 14% туура келди.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты