Бир күндө 40 өрт кырсыгы катталды
- 12 месяцев мурун
Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде жалпы 40 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өлкөдөгү өрт кырсыктары төмөнкүдөй аймактарда катталды:
- Чүй облусу – 15 учур менен эң көп өрт кырсыгы катталган аймак болду;
- Ош облусу – 9 учур;
- Жалал-Абад облусу – 7 учур;
- Ош шаары – 4 учур;
- Баткен облусу – 3 учур;
- Бишкек шаары жана Талас облусу – ар биринде 1ден учур катталган.
Мындан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан 1 жолу куткаруу иш-чарасы жүргүзүлгөн.
Муну бөлүшүү




