Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия жогорулады

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га, 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көтөрүлдү.

Буга чейин Социалдык фонд ал үчүн аталган мекемеден 3,9 млрд сом каралганын билдирген.

Бул жогорулоонун 30 миң сомдон ашык пенсия алгандарга тиешеси жок.

Эсептөөлөргө ылайык, пенсия көтөрүлгөндөн кийин Кыргызстандагы орточо пенсиянын көлөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу 1692 сомго көбөйөт.
Кыргызстандын азыркы Баш мыйзамында эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган. Бул жобо Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, аны аткарбаганы үчүн өкмөт кызматтан кетиши керек деген талап айтылган.
Кийин Конституциялык сот социалдык төлөмдөр боюнча беренени өкмөттүн сунушу менен талкуулап, Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганын, “ал максат гана болгон” деп чечмелеп берген.
Мындан улам Социалдык фонд мыйзам долбоорун даярдап жатканын, ал кабыл алынса, пенсия жашоо минимумуна жакындай турганын айткан.
2023-жылдын 1-кварталына карай өлкөдөгү жашоо минимуму 7500 сомду түзөт.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки өлчөмдө пенсия алат. Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты