Кыргызстанда 1-октябрда тартып пенсия көбөйөт

  • 2 недели мурун

29-августта Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 1-октябрынан тартып өлкө жарандарынын пенсиясын индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду. Тиешелүү документ “Токтом” порталында жарыяланды.

Токтомго ылайык, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%, бирок 1000 сомдон кем эмес суммага жогорулайт.

Мындан тышкары Социалдык фондго эң аз пенсияны 6900 сомго чейин жеткирүү тапшырылды.

Пенсия жогорулай турганын президент Садыр Жапаров май айынын аягында айтып, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 6800 сомдон кем эмес болорун билдирген. Ал бул Конституциясында каралганын, ага ылайык, пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керектигин белгилеген.

2021-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо киргизилген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2024-жылдын экинчи чейрегинде жашоо минимуму 7 миң 827 сомду түздү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты