Кыргызстан Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү Келишимге кол койду

  • 9 месяцев мурун

Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ядролук куралдан арылуу боюнча пленардык жыйында сөз сүйлөп, Кыргызстан аталган Келишимге расмий түрдө кол койгонун жарыялады.

Министр бул кадам өлкөнүн эл аралык коопсуздукту жана жайылтпоону колдоо багытындагы туруктуу саясатынын уландысы экенин белгиледи. Ошондой эле Борбор Азиядагы Ядролук куралдан эркин аймак тууралуу келишимге жана куралсыздануу боюнча агартуу күнүнө токтолду.

Келишимге кол коюу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин так аткарууга берилген ишенимдүү өнөктөш катары эл аралык аброюн чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты