«Кыргызстан» партиясынын лидери алмашты

  • 2 года мурун

«Кыргызстан» партиясынын лидери алмашты. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев партия лидерлигинен кетти. Анын ордуна «Аю холдингдин» вице-презденти Нурлан Абдыразаков партиянын жаңы лидери болуп шайланды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу партия мүчөлөрүнүн маалыматына таянып жазды.

Мындай чечим партиянын съездинде кабыл алынган.

Канат Исаев партия жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берген жок.

Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары бара жатат.

«Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү «Аю холдингдин» кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов бир мандаттуу №33 Нарын шайлоо округунан талапкер болуп катталган. Абдыкеримовдун талапкерлигин «Кыргызстан» партиясы көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты