Wildberries: Владислав Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын алганын айтты
- 3 месяца мурун
Wildberries компаниясынын жетекчиси Татьяна Кимдин (Бакальчук) мурдагы күйөөсү жана компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын алганын өзүнүн Телеграм баракчасында билдирди. Ал билдирүүсүн 7-ноябрда Садыр Жапаров жана мурдагы аялы Ким менен түшкөн сүрөтү менен кошо жарыялаган.
«Достор, ар кандай божомолдор жана кезектеги фейктер болбошу үчүн экинчи жарандыгым боюнча кырдаалды түшүндүрүп жатам»,-деп баштаган ал билдирүүсүн.
Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын жазында алганын, жана бул кадам сонун жана достук мамиледеги өлкөдө ишкердик жүргүзүүгө жардам берерин айткан.
«Кыргызстан — биз ири логистикалык борбор курууну пландаштырган өлкөлөрдүн бири, эми мен компанияга кайтып келерим менен бул ишти мүмкүн болушунча натыйжалуу ишке ашыра аларыма ишенем»,- деген ал.
Ошондой эле Владислав Бакальчук Wildberries компаниясына кайтып келүүнү жана компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштегенди улантууну пландап жатканын билдирген. «Орусиядан кетейин деген оюм жок»,-деген ал.
Эске салсак, 18-сентябрда Кремлдин жанында, 900 метрде, “Романов- двор” бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгон. Анда кеңсеге Владислав Бакальчук мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирген. Маалымат каражаттары бул атышуудан 2 киши каза болуп, ондогон адам жабырланганын жазып чыгышкан.
19-сентябрдын кечинде Москванын Басман райондук соту Wildberries компаниясынын кеңсесинде болгон, 2 адамдын өмүрүн алган жаңжалдын катышуучуларын камай баштаган.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрдын кечинде 6 адам камалган. «Свобода» РБКга шилтеме жасап, тергөө кеңседеги атышуу окуясы боюнча 27 адамды камоону талап кылып жатканын жазган.
Ошондой эле «Свобода» радиосу адвокаттар таянып, Wildberries компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчуктун кармалганын маалымдады. Андан кийин Владислав Бакальчук үй камагына чыгарылган.
Сүрөт: Владислав Бакальчуктун Телеграм баракчасынан