Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жолугушту
- 12 месяцев мурун
Кечээ, 30-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен келген Өзбекстандын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда министрлер кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бардык багыттарын, аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулашты. Эки тарап мамлекет жана өкмөт башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу боюнча “Жол картасында” көрсөтүлгөн конкреттүү кадамдарды белгилешти.
Министрлер эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле БУУ, ШКУ, КМШ, ТМУ, ИКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташтыкты улантууга макулдашышты.
Жолугушуу достук жана ишеним духунда өтүп, мындан аркы кызматташуунун багыттары жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги макулдашылды.




