Кыргызстан боюнча 26 мектеп аралыктан окутууга өттү

  • 2 года мурун

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча 26 мектеп аралыктан окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу Бишкек шаарында 16 мектеп, Чүй облусунда 10 мектеп карантинге жабылды.

Андан тышкары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 76 класс аралыктан окутууга өткөрүлдү. Анын ичинен Чүй облусунда 55 класс, Бишкек шаарында 9 класс, Талас облусунда 6 класс, Нарын облусунда 3 класс, Ош облусунда 2 класс, Ысык-Көл облусунда 1 класс.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты